Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрттү өчүрүүгө аймактардан 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоону токтотушту. Маалыматка таянсак, өрттүн кесепетинен каза тапкандар жок. Кырсыктардын келип чыгышына көбүнчө электр жабдууларын туура эмес колдонуу, тамеки калдыгын өчүрбөй таштап кетүү, электр зымдарындагы чыңалуу себеп болгону кабарланды. 

Кемин шаарындагы Кемин райондук аймактык оорукананын лабораториясы күйүп кетти.

УЗИ кабинетинин 2 аппараты, жумшак эмерек, судмедэксперттин кабинети толугу менен күйгөн. 

Өрттүн болжолдуу себеби - электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан