Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 7 адам жабыркады. Муну 6-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, 5-декабрь күнү Ысык-Ата районунун аймагында Лексус автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты барып сүзгөн. Автоунаанын ээси Түркиянын 1983-жылы туулган жараны экени айтылды. Жабыркагандардын үчөө жаш балдар болгон, жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.