Ошто авиакассанын кызматкери "260 миң сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деп айыпталууда

Ошто авиабилеттерди сатуу менен алектенген жеке компаниялардын биринин кызматкери "260 миң сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деп айыпталууда. Муну бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган фактынын бети ачылган. Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-пункту (ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aitunuk
2014-12-06 16:19:33
"ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу" боюнча кылмыш ишин козгоду". Ушул котормодон эле канчалык деңгээлде биздин мыйзамдарыбыздын сабатсыз которулгандыгын көрсөк болот. Ишенип тапшырылган мүлктү "өздөштүрбөйт", "ээлик кылып же өзүнө ыйгарып" алышы мүмкүн. Тилди, кесипти, жерди же мүлктүн түзүлүшүн өздөштүр
+5
Kairatmyn
2014-12-06 18:45:10
Эми ачыгын айтканда мызамда ошондой жазылганбы же баяндамачы туура эмес жазганбы кыскасы Кыргыздар Аман эсен эле эл Аман кыргыздар Аман бололуда. Биягы карочи эптеп тушундурмой да.
0
admin_superstan
2014-12-08 11:03:04
Kairatmyn, саламатсызбы!
Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин 2-пункту: "ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу" боюнча кылмыш ишин козголгон. Демек, кодексте (мыйзамда) жазылган.
0
dominic_toretto
2014-12-07 06:10:12
Эптеген илюбой жерде эптейт болуп жатыптыр да бул жагы
0
Feijipiao
2014-12-07 12:15:38
Кененирээк маалыматы кандай экен.Кантип оздоштуруп алды экен.Кыйынго тим эле,тынч эле иштесе болбойбу деймда.Ишин суйбогон бир жанго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан