Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 5-башкармалыгынын кызматкерлери ири суммадагы акчага байланышкан алдамчылык фактысынын бетин ачышты. ИИМ билдиргендей, кылмышка банктардын биринин кызматкери шектелүүдө. Ыкчам иликтөө учурунда төмөнкү факт белгилүү болгон:
2014-жылы банктардын биринин кардарлар менен иштешүү бөлүмүнүн менеджери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тактап айтканда, банктын жооптуу кызматкери депозиттик эсеп боюнча жашыруун маалыматтарга кирип, кардардын эсебиндеги 10 000 долларды өзүнүн жеке эсебине мыйзамсыз которуп алган. Мындай иштерден кийин банк кызматкери изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жарандын жүргөн жерин аныктоо жана аны кармоо иштери жүрүүдө.