8-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -14°C
Талас облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -8°C, түнкүсүн -15°C
Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -14°C
Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз -9°C, түнкүсүн -13°C