Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда куткаруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 7-декабрь күнү саат 09:00 чамасында аталган унаа жолунун 37-чакырымында болгон. Анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам каза тапкан. Ошондой эле кичи автобустагы 4 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан