Өткөн суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 8-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Ала-Тоо-3 жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бөлмөнүн 35 чарчы метр жыгач шыбы толугу менен күйүп кетти.

Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Гүлстан айылындагы үйлөрдүн биринин 100 чарчы метр чатыры, 1 тонна чөп, 2 куб отун күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан