Кечээ, 7-декабрь күнү Талас – Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолго муз тоңуп калгандыктан, Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 56 жаштагы айдоочу каза тапкан. Ошондой эле 4 адам жабыркаган.