Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 21,4 пайызы же ар бир бешинчи жаран өтө жакыр жашайт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жаштардын социалдык калыптануусуна арналган тегерек столдун жүрүшүндө айтылды. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Ахматованын айтымында, кедей үй-бүлөлөр категориясына 28,6 пайыз, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр категориясына 157 673 киши кирет. Кедейчиликте жашаган 16 жашка чейинки балдардын саны - 715 807 же калктын 13,2 пайызын түзөт.