Ноокен районундагы эки баланын урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында аталган райондогу Достук айылынын 20 жаштагы Ш.Д. аттуу тургуну пикир келишпестиктен улам Ношкен айылынын 18 жаштагы А.А. аттуу тургунун бычактап салган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканада эсине келе албай каза тапкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.