Бишкекте бир нече алдамчылык фактысына шектелген жарандар кармалышты

Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 2011-жылы анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 3,5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, бербей койгонун айткан. Ошондой эле ал чала тааныш адамга карата чара көрүүнү суранган. Андан сырткары милицияга арыз менен 38 жаштагы Максатбек аттуу жаран кайрылган. Ал да 1,5 миң доллар акчасын берип, ала албай калганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул эки алдамчылык фактысына шектүү катары Бишкек шаарынын 34 жаштагы Д.Азамат аттуу тургуну кармалды.

Ошондой эле милиция кызматкерлерине арыз менен шаардын Т.Сайкал аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Абдиметал аттуу чала тааныш адам анын ишенимине кирүү менен 150 миң сом акчасын алып, бербей жүргөнүн айткан. Бул факт боюнча алдамчылыкка шектүү катары 54 жаштагы А.Абдиметал аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан