Жалал-Абад облусунун тургуну өз эрки менен ок-дарыларды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районунун 29 жаштагы жараны күч органдарына кайрылып, сактап жүргөн ок-дарыларды тапшырган. Ошондой эле Ноокен районунун 50 жаштагы тургуну ИЖ-12 ок атуучу куралын өз эрки менен өткөргөн.
Айта кетсек, ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды өз эрки менен тапшыргандар жоопкерчиликке тартылышпайт.