Бишкекте 3 зордуктоо фактысына шектелген жарандар кармалышты

Бишкекте 3 зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен 19 жаштагы К.Эльнура аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 6-декабрь күнү кечки саат 22:00 чамасында 25-30 жаштардагы 2 белгисиз жаран күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Н.Эрнис жана С.Бамартбек аттуу жарандар кармалышты.

Ошондой эле милиция кызматкерлерине арыз менен 33 жаштагы А.Астра аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда Эркинбек аттуу чала таанышы аны күч колдонуу менен зордуктаганын айткан. Кылмышка шектүү катары шаардын 28 жаштагы Н.Эркинбек аттуу тургуну кармалды.

Андан сырткары милицияга арыз менен 24 жаштагы К.Асель аттуу айым кайрылган, анда ал күч колдонуу менен аны Ринат аттуу жаран зордуктаганын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы У.Ринат аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.  

 

      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-08 21:24:38
Жазасын алсын эми!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан