* 9-декабрь - Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. 2004-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында бул күнү дүйнөнүн 95 өлкөсүнүн лидерлери коррупция менен күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Макулдашууда адал акчаны арамдоо, пара берүү өңдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюу жолдору каралган. Эл аралык уюмдардын иликтөөсү боюнча, Кыргызстан абдан коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кирет.
* Мындан 52 жыл мурун, 1962-жылы ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын мурдагы жетекчиси
Мелис Эшимканов туулган.
Ал жаштайынан Кыргыз үналгысына берүүлөрдү даярдоого катышып, балдар гезитине макалаларды жарыялап турган. 1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп, журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон. 1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюн жана башкы редактор катары жетектеген. Мелис Эшимканов 2011-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы АКШлык изилдөөчү
Дуглас Энгельбарт коомчулукка компьютердик манипуляторду ("мышканы") ойлоп тапкандыгын жарыялаган.
* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы Орусиянын Амур облусундагы "Гонжа" станциясында жүк ташуучу 3 поезд кагылышкан. Биринчи №2516-поезд техникалык бузулуудан токтоого мажбур болгон. №3004 жана №2126-поезддери бул тууралуу кабар алышкан. №2126-поезддин айдоочусу тормозду өз убагында баспай, алдыда токтоп турган №3004-поезддин аркасын сүзгөн. №2126-поезддин артынан №2805-поезд 2746 тонна салмагы менен капталын сүзгөн. Натыйжада №2805-поезддин айдоочусу жана анын жардамчысы каза болушкан.