Балыкчыда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу куткаруучулар бүгүн, 9-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-декабрь күнү болгон. Анда Мазда унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.