Сузак районунда үч айыл жарыксыз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Алма айыл аймагына караштуу Орток айылында жана Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя, Алчалуу айылдарында 8-декабрь күнү саат 01:30дан тартып трансформатор иштен чыккандыгына жана электр чубалгылары үзүлгөндүгүнө байланыштуу жогорудагы айылдарда электр энергиясы жок. Азыркы убакта Сузак райондук электр тармактары ишканасынан 24 адам оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.