“Ак толкун” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкери "мамлекетке 1,5 миллион сомго жакын зыян келтирген" деп айыпталууда

“Ак толкун” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалган негиздемелер аркылуу иштеп жаткан 4 трансформатор жараксыз деп табылып, башкасын сатып алуу үчүн эсептен чыгарылган. Бул фактыны жабуу максатында аталган трансформаторлор “Темир” ишканасына 16 миң сомго сатылган. Мунун кесепетинен мамлекет 1,5 миллион сомго жакын зыян тарткан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан