25-январдан 1-февралга чейин Бишкек шаардык мэриясынын "185" тез чара көрүү кызматына 180 кайрылуу түштү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жогорудагы кайрылуулардын ичинен 75 кайрылууга жооп кайтарылды. Булардын ичинен 59 адам электр тармагындагы көйгөйлөр боюнча кайрылышса, шаардын санитардык тазалыгы боюнча 6 адам кайрылган.