Балыкчыда аткезчилик жол менен товар ташып келе жаткан 4 жүк ташуучу унаа кармалды

Балыкчыда аткезчилик жол менен товар ташып келе жаткан 4 жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унааларда Кытай өндүрүшүнөн чыккан бут кийимдер болгон. Бирок кармалган жүк бут кийим чыгаруу үчүн керектүү чийки зат катары өлкө аймагына киргизилген. Бул факты боюнча Бажы кызматынын жана “Кайзер Фут Веар” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, “Балыкчы” чыгыш бажысынын башкы инспектору камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан