Кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери жашыруун маалыматтар катылган документ менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда жергиликтүү айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде Казакстанга өтүп жаткан жеринен камалган. Учурда ал тиешелүү күч органдарына өткөрүлүп берилди.
Бул боюнча Чек ара кызматына кайрылганыбызда азырынча маалымат жок экенин айтышты.