Талас облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын Өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдиргендей, Талас облусунда январь айында 10 өрт кырсыгы катталды. Тилсиз жоонун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 2 миллион 609 616 сомдук зыян келтирилген. Өрттүн келип чыгышына көпчүлүк учурда электр жабдыктарын туура эмес колдонуу себеп болгон. Рыспековдун айтымында, өрт өчүрүүчүлөр бир айдын ичинде 3 миллион 175 000 сомдук үй-мүлктөрүн өрттөн сактап калышкан.