Таласта жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, 1 миллион сом акча каражатын карактап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Э.Кожокеева аттуу тургун кайрылган. Анда ал 28-ноябрь күнү белгисиз үч адам тапанча менен коркутуп, 1 миллион сом акча каражатын карактап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.