Кыргызстанда жазгы талаа иштерине карата 419 чакырым суу каналы оңдолду

Кыргызстанда суу сактагычтарды жана каналдарды жазгы сугат маалына даярдоо багытында 99,46 миллион сомдук жумуш аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерине карата 419,6 чакырым суу каналы жана 5786,28 чакырым чарбалар аралык тармактар оңдолду. Буга кошумча 1186 даана гидротехникалык жабдык, 237 насостук станция оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан