Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Аксакалдар үйү жана 20 сотых жер тилкеси мыйзамсыз сатылган. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылы Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Аксакалдар үйү жана 20 сотых жер тилкеси 50 миң сомго жетпеген акчага сатылган. Эксперттердин баамында, ал имараттын наркы 889 миң сом. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.