Талас облусунда адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 9-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Кара-Буура районундагы турак үйлөрдүн биринен 56 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Аны кароо учурунда киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Токтогул районунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.