Борбор калаада тоноочулукка шектелген айым кармалды

Бишкекте “күч колдонуу менен тоногон” деген шек менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 26 жаштагы Б.Мавлюдахан аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Айжан аттуу чала таанышы күч колдонуу менен анын 30 миң сому бар капчыгын тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.Айжан аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан