Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган Хамидахон Содикова аттуу Өзбекстандын жараны “Манас” аэропортунун аймагынан кармалган. Ал 2014-жылдын сентябрь айынан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ошондой эле анын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, Ысык-Ата районунан жаңы паспорт алганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.