Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 65 жаштагы аял кайрылган. Анда ал 2013-жылы ноябрь айларында анын Махабат аттуу чала таанышы алдоо жолу менен 130 400 сом алып, кайра акчасын бербей койгонун айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 45 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.