Талас облусунда өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында Талас облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын Өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдирди. Анын айтымында, январь айында өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан 922 турак үйгө, 2 812 адамга, 26 мектептеги 209 окуучуга жана мугалимдерге өрттүн алдын алуу боюнча атайын сабактар өтүлдү.