Жылнаама, 10-декабрь: Мындан 113 жыл мурун Эл аралык “Нобель” сыйлыгы тапшырылып баштаган

* 10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Парижде 1948-жылы 10-декабрда Адам укугунун Жалпы Декларациясы кабыл алынган. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адам укугу боюнча 30 эл аралык келишим, уюмдарга кирген. Мындай кадам адам укугу боюнча кабыл алынган жалпы эл аралык принцип-нормаларга баш ийип, ошолордун жолу менен болууну талап кылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын укугунун расасына, жынысына, тилине жана эркиндигине карабай бирдей экендигин бекемдейт. Мамлекет ар бир адамдын укугун жана эркиндигин туура пайдаланышын кепилдейт. Жарандын укугунун жана эркиндигинин конституциялык кепилдиги болуп КРнын Омбудсмени, КРнын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия эсептелинет.

1901-жылы, мындан 113 жыл мурун жыл сайын берилүүчү Эл аралык “Нобель” сыйлыгы алгачкы ирет тапшырылган. Сыйлык швед инженер-химиги, ойлоп тапкыч Нобель Альфред Бернхарддын атын алып жүрөт. Нобелдин керээзи боюнча, калган казынасынан Нобель атындагы фонд түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону). Бул каражат акцияга, зайымга жана облигацияга айландырылып, алардан түшкөн киреше тептең бешке бөлүнөт да, "Нобель" сыйлыгы катары физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгектин авторлоруна жана тынчтыкты чыңдоого эмгеги өткөндөргө берилет. 1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илими жаатына да берилчү сыйлык бекиткен. "Нобель" сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30-70 миң доллар) турат. Бул сыйлыктын атактуу лауреаттары: В.Рентген (1901), М.Планк (1918), А.Эйнштейн (1921), Н.Бор (1922), П.Дирак, Э.Шрёдингер (1933), Ф.Ферми (1938), М.А.Шолохов (1965) ж.б.

Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы Япония Индокытайды басып алганда, Малайзияга кол салат деп кооптонуп, Британия Сингапурга эки кемесин жиберген. Япония бул кемелер тууралуу билип, даярдык көргөн. Адмирал Ямамото Формозадан 27 бомба таштоочу учакты чакырткан. Япониянын алдында үч маселе турган: Малайзияны басуу, кемелер менен согушуу, Сингапурду бомбалоо. Британдык кемелер Куантандын жанында япониялык суу асты менен жүрүүчү кеме менен байкалып, чабуул башталган. Түштүк-Кытай деңизинде япондордун авиациясы тарабынан Британиянын "Принц Уэльский" линкору жана "Рипалс" крейсери чөктүрүлгөн. 840 киши чөгүп каза болгон. Бул согуштан улам деңизде линкорлор үчүн экинчи орун берилип, авиация үстөмдүк кылып калган.

* 1944-жылы, мындан 70 жыл мурун атактуу москвалык акын Семён Липкиндин «Манас» эпосунун орусча котормосунун айрым үзүндүлөрү фрунзелик маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Семён Липкиндин котормосу Манастын Бээжинге жасаган чапкынын чагылдырган "Чоң казат" окуясынан алынган. Айтылуу акындын котормосундагы "Искендердин буту баспаган Бээжин, кыргыздарга капкасын ачты. Кабылан Манас ошондо керилип такка отуруп, Бээжиндин ханы болду" деген саптар окурмандардын купулуна толгон.

"Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, КРнын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка 1972-жылы киришип, ыр жазып, обон чыгара баштаган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова тандалган. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлүп, Латвия, Литва, Москвага чейин барып келишкен. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтоткон. Окууну бүткөн соң Г.Садыбакасованы Оштогу педучилищеге мугалим кылып жөнөтүшкөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыккан. Гүлшайыр Садыбакасова 4-5 кыз менен ансамблге кошулуп, ага “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.   

10-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан