Филиппиндеги тайфун 20га жакын адам өмүрүн алып, 500 миңге жакын адамды үй-жайсыз калтырды

Филиппинде декабрь айынын башынан бери орун алган "Хагупит" тайфуну 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн үй, имараттар кыйрады. Тайфун күч алган аймактан 500 миңге жакын тургун өз үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Чет элдик маалымат каражаттары белгилегендей, "Хагупит" тайфуну күтүлгөндөн да бир канча эсе күчтүү болуп, шамалдын ылдамдыгы саатына 210 чакырымга чейин жетүүдө. Учурда Филиппиндеги авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, деңиз жолдорундагы билдирүүлөр да үзүлгөнү айтылууда.

Эске салсак, ушул эле жылдын июль айында Филиппинде "Рамассан" тайфуну катталып, анда 10дон ашуун адам каза таап, 373 миң адам эвакуацияланган. "Рамассан" тайфунунда соккон шамалдын ылдамдыгы 205 чакырымга чейин жеткен болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
insap
2014-12-10 11:54:44
Кудай өзү сактасын бөөдө кырсыктан!
0
Aylin.91kg
2014-12-10 16:19:51
Allahım ozun sakta!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан