Үстүбүздөгү жылдын 25-27-ноябрь күндөрү өлкө аймагында “Нелегал-2014” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө 379 чет элдик жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 399 миң сом айып пул салынган. Ошондой эле соттун чечими аркылуу 8 адам өлкө аймагынан чыгарылган.