“Эл аралык “Манас” аэропорту” ишканасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылдын декабрь айында аталган ишкана эч кандай тендер өткөрбөстөн, “Манас Хендлинг Групп” ишканасынан баасы 24 миллион 975 миң сомдук түстүү монитор сатып алган. Бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде түстүү монитордун жогорку баада сатылып алынганы аныкталган. “Эл аралык “Манас” аэропорту” ишканасынын 79 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгондуктан, 6 миллион сом зыян тарткан. Учурда бул факты боюнча “алдамчылык” жана “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.