Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 10-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районуна караштуу Маловодное айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 20 чарчы метр бөлмөнүн жыгач шыбы күйүп кетти. Ошондой эле Токмок шаарындагы жыгач устундуу, темир жабылган 20 чарчы метр чакан үйдүн чатыры, 5 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна мештин туура эмес түзүлүшү себеп болгон.