Кечээ, 9-декабрь күнү 25 миң сом пара алып жаткан жеринен Ленин райондук прокурорунун орун басары жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер А.К. аттуу жаранга козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.