Президенттин, депутаттардын жана айыл чарба адистеринин катышуусунда республикалык деңгээлде жыйын өткөрүү керек. Мындай сунушту бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди. "Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы азыркы абал абдан начар, адамды ыйлата тургандай деңгээлге жетип калды. Эгер ушул ыргакта кете берсек, бул тармак кыйроого учурайт”,- деди эл өкүлү.