Токтогул райондук атайын эсептик каражаттарды башкаруу дирекциясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Токтогул райондук атайын эсептик каражаттарды башкаруу дирекциясынын жана “А.С.” ишканасынын кызмат адамдарына “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган дирекциянын кызмат адамдары менен ишкананын жетекчилиги өз ара кылмыштуу келишим түзүшүп, 9 миллион 400 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Бул акча каражатына Токтогул районунда каналдын курулушу жүрмөк. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alibi
2014-12-10 10:59:12
Атамбаев 2011-жылы "Коррупция менен аесуз курошом" деп убада берди эле. Карапайым адамдын козкарашында курош журуп жатат. Ал эми жогорку билими бар адамдын козкарашында балыктар торго тушуп, акулалар кармалбай жатат. Мунун озу коррупциянын гулдоп турганынан кабар берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан