Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды курууда дайыны чыкпай калган миллиондор боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен “Темир-Канат” ишканасынын ортосунда жалпы суммасы 51 миллион 900 миң сомго Чолпон-Атадагы ат майданын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө эмнегедир келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, курулуш иштеринин жалпы баасы 72 миллион 500 миң сомдон ашып кеткени аныкталган. Ошондой эле 11 миллион 60 миң сомдук жумуштардын аткарылбаганы белгилүү болгон. Буга катар бир канча физикалык жана юридикалык жактар “Темир-Канат” ишканасы жана Улуттук борбор тарабынан аткарылган жумуштар үчүн эмгек акы берилбей жатканын айтышкан. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.