Депутат Талант Узакбаев: “Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү токтоп калды”

"Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү токтоп калды",- деди депутат Талант Узакбаев бүгүн, 4-февралда өткөн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында. Айтымында, учурда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын сатып алуу бакша өлкөлөр үчүн кооптонууну жаратууда. “Коркунучтуу ооруларды жок кылмайынча, мал чарбасы жакшырат деген туура эмес. Ветеринария жана фитосанитария тармагын жакшыртмайынча, айыл-чарбасы өнүкпөйт. Биздин продукция экологиялык жактан таза, даамдуу экенин баары эле билип турат, бирок биологиялык жактан кепилдик жок болгондуктан, аны эч ким сатып албайт”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан