Бишкекте МАИ кызматкерин сабаган эки жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 9-декабрь күнү Горький көчөсүндө болгон. Анда 21 жана 22 жаштагы эки жаран жол-кайгуул кызматкеринин талабына баш ийбей, инспекторго каршылык көрсөтүшкөн. Кийин күч колдонуп, аны сабап салышкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.