Бишкек шаарынын тургуну унаа уурдоо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 8-декабрь күнү Манас проспекти жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар Субару Легаси унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы тургун кармалды. Учурда иликтөө уланууда.