Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз дене кечээ, 9-декабрь күнү Сүйүнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылган. Ошол жерде маркумдун өздүгүн тактоого мүмкүн болгон эмес. Учурда протокол түзүлүп, жансыз дене өлүк сактоочу жайга жөнөтүлдү.