Бишкекте уурулукка шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.