Бишкек эркин экономикалык аймагына караштуу мекеме чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качкан

Бишкек эркин экономикалык аймагына караштуу мекеме чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекеме реалдуу өндүрүштүн көлөмүн азайтуу менен 5 миллион 221 миң сом салыкты төлөөдөн качкан. Учурда “чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан