Үч жума аралыгында жатак-абагынан качып кеткен 27 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-ноябрдан 9-декабрга чейин абактан качып кеткендерди издөө иш-чарасы жүргөн. Анын негизинде 27 жатак-абагынан качып кеткен адам кармалып, аты-жөнү такталган.
Айта кетсек, жатак-абагында соттолуучулар ээн-эркин жүрө алышат. Көбүнчө ал жакта жабык мекемеден чыккандар жана күнөөсү жеңил адамдар кармалат. Учурда Кыргызстан боюнча 14 жатак-абак бар.