"Токмокто инкассатор унаасын карактаган" деп шектелип кармалган жаран үй камагына чыгарылды

"Токмокто инкассатор унаасын карактаган" деп шектелип кармалган жаранды Токмок шаардык соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда шектүүнүн жактоочусу Азамат Карасартов билдирди.

Айта кетсек, 17-ноябрь күнү 21 жаштагы Мирлан Букарбаев Токмокто болгон карактоо фактысына шектелип кармалган. 

Буга чейин Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолгону айтылган эле. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shiko
2014-12-11 02:05:23
Пара алган салык кызматчысы 12 жылга камалат себеп пара бергенге акчасы жок.ал эми тоногон адам болгондо да инкассатор автоунаасын уй камагына чыкты.себеп пара берди.(тоногон акчасынан болушкон )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан