Бишкектеги Улуттук китепканада бүгүн, 10-декабрда Кыргыз улуттук адабият күнү белгиленип, анын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана акын Алыкул Осмоновдун сүрөт көргөзмөлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун “Ааламга үн салган Айтматов” сүрөт көргөзмөсү жана алп акын Алыкул Осмоновдун “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсо да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү менен 2 томдук китебинин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, акын-жазуучулар жана коомдук ишмерлер катышты.