Бүгүн, 4-февраль күнү Нарын шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Жыйынга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, жыйындын мүчөлөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору катышты. Жыйынды шаар мэри ачып, анда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2012-жылдагы көрсөткүчү жана 2013-жылдагы милдеттери жөнүндө маселелер каралды.