2012-жылы Нарын облусунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы маалымдады. Бул бала бакчалар Нарын районунун Жаңы-Арык жана Казан-Куйган айылдарында жайгашкан. Нарын облустук прокуратурасынын өткөн жылдагы аткарган ишинин жыйынтыгында бир катар коррупциялык, мамлекеттик мүлктү жоготуу, кыйноолорду ооздуктоо жана жашы жете элек балдардын укугун коргоо боюнча коюлган тапшырмалар аткарылгандыгын билдирет Башкы прокуратура.