Пара алып жаткан жеринен кармалган Салык кызматынын инспектору 12 жылга эркинен ажыратылды

Пара алып жаткан жеринен кармалган Салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн инспектору 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн инспектору Расылкан Мадымаров ишкерден маселени оң жакка чечип берүү үчүн 1500 доллар талап кылып, 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. 2014-жылдын июль айында Аламүдүн райондук сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2014-жылдын 28-августунда Чүй облустук соту тарабынан биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүлүп, 2 миллион сом айып пул салуу менен айыпталуучу сот залынан бошотулган. Кийин ишти Жогорку Сот карап, экинчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Ariet7
2014-12-10 23:09:06
Оо кудай бизге озу эмне жагат аз берсе аз дейсинер коп берсе дагы коррупция дейсинер .менимче туура эле кылган эми мындан ары да кылмыш кылгандарды коп моонотко отургузуп строго кармашса онолот Кыргызстан тартип орномок
0
lusi2013
2014-12-10 23:12:29
Шору жок ай
0
osusapar
2014-12-10 23:51:29
Мыйзам баарына бирдей болуш керек!
0
EdikoKG
2014-12-10 23:57:26
Шору каткан тура. Бирок,адилетсиз сот экен. 12 жыл деген,ууру-каракчыларга , баш кесерлерге ылайык эле.
+1
Deesmond
2014-12-11 01:19:09
EdikoKG, бошотсунбу анда???
+1
samidinova84
2014-12-11 00:06:15
Бизде закон тетири иштейтда озу,тоок уурдасан камап салат,не себептен уурдадын дебей туруп. Бир эмес бир нече адам олтурсо кызыл килемде узатып учака салат.Мындай коррупция менен тушкондорго лапыйтып штрафты салып,мулкторун конфискациялап,мындан ары кызматка орношуусуна чектоо киргизип коюу керек озу.Кооптуу кылмышкерлерди камаса болот да.Мамлекет баарын эле аралаштырып бага бербей бекер аш берип.
+2
taku0214
2014-12-11 00:13:37
Мындан ары корупция менен кармалгандарга 12 жылдан кем бербесе туура эле соттогон.
0
ALIK-BRO
2014-12-11 02:49:19
Дагы бир шордуу байкуш темир тор артына кетти. Кармаган акмактардын кантип кармоо жолун билем бир адамды жалдашат да 500 сом берет ептеп колунун иизин тушурот акча сурайт коп суммадагы берсе кое берет болбосо камалып кетет. Атамбайдын сасык саяты коооп семяны куууратты. Бири мен.
-1
Ariet7
2014-12-11 03:36:17
ALIK-BRO, Апеей сизге эмне болду эле? бири мен деп чоочуттунуз го кишини
0
Manasemetei
2014-12-11 03:34:18
50000ge 12 jyl sliwkom kop bolup ketken.12 jyl oto ele awyk4a.
+2
joodar.kg
2014-12-11 04:37:46
Сотко азыраак акча берген же бир соз откоруп койгон ,болбосо мынча коп жылга кесилбейт болчу байкуш
+2
asilkg
2014-12-11 05:01:59
Биздин кыргызстанда акча албасан жашай албайсын аны баары билет айлык аз. Кыргызстандын орто айлыгы менен эшектин тушоосу чечилбейт. Биринчи коррупция менен курошуудон мурда айлыкты которуш керек. Болбосо кылган аракет бекер.
+2
asilkg
2014-12-11 05:13:26
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/92516/ ушуну окусанар анан эл Эмнеге коррупцияга барып жатканын билесинео
0
chalkan
2014-12-11 07:58:17
Камап багып эмне кылат, андан коро 5 000 000 сом мамлекетке токсунда жер айдасын.
0
g.jumabekova
2014-12-11 12:46:29
Мен салык кызматында иштейм. Соттолгон байке бизде иштечу. 50мин сом учун 12жыл ото коп. Миллиондоп жегендер эркиндикте журушот. Коррупция баардык жерде бар бир эле салык кызматында эмес. Мектеп садик роддом даже олгондо да комулчу жеринде коррупция бар. Ким кобурок акча берсе ошонун тууганы комулот. Айлык кызыктырып жатса:6-7мин алабыз
0
erikkarakulja
2014-12-11 14:21:26
Адилетсизго
0
mark8686
2014-12-11 16:08:28
12 jyl kop srok
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан